Немистердин жарымынан көбү аэропорттогу терактылардан кооптонушат

© Sputnik / Владимир Песня / Медиабанкка өтүүБерлин шаарынын жашоочулары. Архив
Берлин шаарынын жашоочулары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сурамжылоого катышкандардын 62 пайызы Германиянын аба майдандарынын биринен мындай терактыны баары бир күтөрүн айтышкан.

БИШКЕК, 4-июл. — Sputnik. Немистердин 60 пайыздан ашыгы Стамбулдагы же Брюсселдеги жардыруудан кийин Германиянын аба майдандарында да терактылар болуп кетет деп кооптонушат. Бул тууралуу РИА Новости Bild am Sonntag басылмасынын кабарына таянып билдирди.

Мындай жыйынтык Emnid илим изилдөө институту жүргүзгөн сурамжылоодон кийин белгилүү болгон. 

Жардыруу болгон жердеги тез жардам кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Стамбулда жардыруу жасаган эки жан кечтинин россиялык паспорту бар болуп чыкты
Респонденттерге "Түркия быйыл эс алууга бара турган жер деп эсептейсизби?", "Германиядагы аэропорттордун имаратында коопсуздук көзөмөлүн киргизүү керек деп ойлойсузбу?", "Түркия менен Бросселдегидей терактылар германиялык аба майдандарында болуп кетет деп кооптонбойсузбу?" деген суроолор берилген. 

Сурамжылоого катышкандардын 62 пайызы Германиянын аба майдандарынын биринен мындай терактыны баары бир күтөрүн, ал эми 33 пайызы андай болбойт деген ишимин айтышкан. 

Аба майдандарынын имараттарынын алдында коопсуздук боюнча көзөмөл орнотуу туурасындагы пикирге 57 пайызы макул экендигин билдиришкен. Ал эми немистердин 87 пайызы быйыл Түркияга барбай тургандыгын, ал эми 13 пайызы сапар тартып калышы мүмкүндүгүн айткан.

Сурамжылоо 30-июндун аягында жүргүзүлүп, ага 502 адам катышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0