Стамбулда жардыруу жасаган эки жан кечтинин россиялык паспорту бар болуп чыкты

© REUTERS / Osman OrsalЖардыруу болгон жердеги тез жардам кызматкерлери. Архив
Жардыруу болгон жердеги тез жардам кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жардырууну уюштурууга Чеченстандан чыккан Ахмед Чатаев аттуу киши шектелип жатат.

БИШКЕК, 1-июл. — Spitnik. Стамбулдун аба майданында жардыруу жасаган эки жан кечтинин — Раким Булгаров жана Вадим Османов деген ысымдагы россиялык паспорттору бар болуп чыкты. Бул туурасында РИА Новости DHA агенттигине шилтеме кылып берди.

Азырынча бул боюнча расмий маалыматтар бериле элек.

Автоматчан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандыктарды террорчу кылып көрсөтүү кимге керек же террорчунун улуту болобу
Белгилей кетсек, 28-июнда Стамбулдагы "Ататүрк" аэропортунда үч жардыруу болуп, куралдуу кол салуудан акыркы маалыматтар боюнча 44 киши каза болуп, 239 киши түрдүү жаракаттарды алган. Терактыдан чет элдик 19 жаран каза болгон. Түркиянын премьер-министри Бинали Йылдырым чогултулган далилдер терактыга "Ислам мамлекетинин" катыштыгы бар экендигин билдирди.

Буга чейин түркиялык жалпыга маалымдоо каражаттары терактыны Дагестан, Кыргызстан жана Өзбекстандан жан кечтилер жасады деген такталбаган маалыматтарды жазган. Жардырууну уюштурууга Доку Умаровдун "Имарат Кавказ" деп аталган кылмыштуу уюмунун катарында туруп, кийин "Ислам мамлекетине" кирип кеткен Чеченстандан чыккан Ахмед Чатаев аттуу киши шектелип жатат.

Жарым жыл ичинде Түркиянын кайсыл жерлеринде кандай теракт болуп, канча адамдын өмүрүн алгандыгын Sputnik Кыргызстандын төмөнкү топтомунан окуңуз>>

Жаңылыктар түрмөгү
0