Эрдоган Путин менен Кытайда өтчү G20 саммитте жолукмай болду

© AFP / KIRILL KUDRYAVTSEV Түркиянын президенти Тайип Эрдоган жана Россиянын башчысы Владимир Путин. Архив
Түркиянын президенти Тайип Эрдоган жана Россиянын башчысы Владимир Путин. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Түрк президенти телефондук сүйлөшүү учурунда туризм тармагын жөнгө салуу үчүн алгачкы кадамдарды жасоо боюнча талкуу болгонун кошумчалады.

БИШКЕК, 30-июн. — Sputnik. Түркиянын президенти Тайип Эрдоган Россиянын башчысы Владимир Путин менен Кытайда боло турчу G20 саммитинде жолугарын билдирди.

Белгилей кетсек, Эрдоган менен Путин 29-июнда телефон аркылуу сүйлөшкөн. Эки өлкө башчы Москва менен Анкаранын мамилесин жолго салуу боюнча пикир алышкан.

"Путин менен телефон аркылуу сүйлөшүү күн мурунтан эле макулдашылган. Чынында биз эки тарап үчүн тең пайдалуу сүйлөшүүлөрдү өткөрдүк. Путин менен Кытайда боло турчу G20 саммитте жолугууну чечтик", — дейт Эрдоган.

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Эрдоган Москва менен болгон мамилени жакшыртууга кошкон салымы үчүн Назарбаевге ыраазы
Түрк президенти ошондой эле телефондук сүйлөшүү учурунда туризм тармагын жөнгө салуу үчүн алгачкы кадамдарды жасоо боюнча талкуу болгонун кошумчалады.

Белгилей кетсек, эки мамлекет башчыларынын сүйлөшүүсүнөн кийин Анкара менен Москванын мамилеси жакшы тарапка ооп, буга чейин салынган бир катар санкцияларды алуу боюнча алгачкы кадамдар жасалып башталган.

Былтыр Су-24 учагын Түркия атып түшүргөндөн кийин Россия менен Түркиянын мамилеси солгундап кеткен.

Жаңылыктар түрмөгү
0