ЖМК орус-түрк мамилеси качан жөнгө салынарын боолголошту

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүРоссиянын өкмөт үйү. Архив
Россиянын өкмөт үйү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россиянын Су-24 учагы атып түшүрүлгөндөн кийин орус-түрк мамилеси бир топ солгундай түшкөн.

БИШКЕК, 30-июн. — Sputnik. Россиянын премьер-министри Дмитрий Медведев өкмөттүн кезектеги жыйынында президент Владимир Путиндин Түркия менен болгон байланышты жөнгө салуу боюнча жасаган аракеттеринин жол-жобосун жарыялай турганын РИА Новости "Коммерсант" басылмасына шилтеме берүү менен билдирди.

Аталган басылма министрликтер менен тийиштүү мекемелер өз сунуштарын даярдай баштаганын жазат. Андан кийин орус өкмөтү Анкарага карата киргизилген бир катар чектөөлөрдү алышы мүмкүн.

оссиянын президенти Владимир Путин менен Түркиянын лидери Тайип Эрдоган. Архив - Sputnik Кыргызстан
Путин менен Эрдоган эки мамлекеттин мамилесин жакшыртууну сүйлөштү
Россиянын курулуш министри Михаил Мень Түркиянын курулуш компанияларына болгон санкция "кыска мөөнөттө" алынышы ыктымалдыгын баса белгиледи. Ошол эле учурда курулуш тармагын көзөмөлдөгөн вице-премьер Дмитрий Козак бул аракеттерге 1-2 жума керектелиши мүмкүндүгүн айтты.

Ал эми азык-түлүккө жана чартердык аба каттамдарына киргизилген эмбарго дагы жакын арада алына турганын вице-премьер Аркадий Дворкович билдирди.

Мындай аракеттерге карабастан Түркияда россиялык адистер тарабынан курула турчу "Аккую" атомдук электр станциясы менен "Түрк агымы" газ куурун куруу да күмөн бойдон калууда. Бул эки долбоор расмий түрдө токтотулган эмес, бирок эки өлкөнүн мамилесинен улам аларды ишке ашыруу дээрлик солгундап кеткен.

Жаңылыктар түрмөгү
0