Ливанда топтошкон элдин арасынан эки жан кечти өзүн жардырып жиберди

© Sputnik / Валерий Мельников / Медиабанкка өтүүБейрут шаары. Архив
Бейрут шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Анын кесепетинен алты киши каза таап, 13 киши жарадар болгон.

БИШКЕК, 27-июн. — Sputnik. Ливандын түндүк-чыгышында чогулган элдин арасына кирип алган эки жан кечти өзүн жардырып жиберди. Бул туурасында РИА Новости Рейтер агенттигине шилтеме кылып кабарлады. 

Анын кесепетинен алты киши каза таап, 13 киши жарадар болгон. Жарылуу Сириянын чек арасына жакын жайгашкан Каа деп аталган айылда катталды. Алгач эки жан кечти туурасында кабарланса, акыркы маалыматта алардын саны андан көбүрөөк болушу мүмкүндүгү айтылууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0