Окинавада АКШ базасынын дагы бир айым кызматкери мас болуп жол кырсыгына учурады

© AP Photo / Itsuo InouyeОкинавадагы америкалык авиабаза. Архив
Окинавадагы америкалык авиабаза. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бул америкалыктардын Окинава аймагында жоболоңдуу окуяга туш болгон биринчи учуру эмес.

БИШКЕК, 27-июн. — Sputnik. Япониянын Окинава аймагындагы АКШнын аскер базасынын айып кызматкери мас абалында унаа айдап кырсыкка кабылган жеринен кармалды. Бул тууралуу NHK каналына таянуу менен РИА Новости жазып чыкты. 

Кэмп Шваб деп аталган америкалык аскер базасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
АКШнын аскери Окинавада япон кызын зордуктаганын мойнуна алды
Америкалык аял таңкы саат 4.00дө каршы тилкедеги унаа менен кагышкандан кийин кармалган. Экинчи машинанын айдоочусу ооруканага жеткирилди. Ал эми полиция кызматкерлери аялдын кызуу экенин аныкташкан.

Эскерте кетсек, бул акыркы убакта АКШ базасында иштегендердин ар кандай жоболоңдуу иштерге кабылган биринчи учуру эмес. Буга чейин базанын кызматкери япониялык кызды зордуктап, андан соң өлтүрүп койгон деп шектелип кармалса, кийинчерээк Каден базасынын кызматкер айымы мас абалында унаа айдап, эки кишини жабыркаткан. 

Мындан улам база жетекчилиги ошол жерде жашаган кызматкерлерине жумуштан кийин ичимдик ичүүгө тыюу салып, саат түнкү 12ге чейин базада болуп калуусун талап кылган. 

Жаңылыктар түрмөгү
0