YouTube менен Facebook экстремисттик видеолордун жарыяланышын чектеп баштады

© flickr.com / Esther VargasYuTube сайтынын логотиби. Архив
YuTube сайтынын логотиби. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өткөн аптада иштеп чыккандар ири интернет-компанияларга чектеп сала турган системаны сунуштады.

БИШКЕК, 26-июн. — Sputnik. Дүйнөлүк ири хостинг YouTube менен Facebook социалдык тармагы экстремисттик видеолорду автоматтык түрдө чектеп баштады. Бул туурасында РИА Новости Рейтер агенттигине шилтеме кылып маалымдады.

Компьютердин клавиатурасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Террористтер хакерлердин торуна түштү
Автоматтык система "Ислам мамлекети" террордук уюмунун өзүнүн катарына үгүттөгөн видеолорду же дагы ушундай маанайдагы материалдады дароо чектеп салганга мүмкүнчүлүк жаратат. 

Бул технология башынан эле автордук укуктары тыюу салынган контенттердин жарыяланып кеткенин издеп жана өчүрүп салуу үчүн иштелип чыккан. Система интернет-компаниялардын андай маанайдагы материалдарды жок кылуусуна көмөкчү болуп, хеш файлды издеп чыгат.

Агенттиктин берген маалыматына караганда өткөн аптада иштеп чыккандар ири интернет-компанияларга чектеп сала турган системаны сунуштады.

Жаңылыктар түрмөгү
0