Башкыртстанда бүтүрүү кечелери учурунда ичимдиктерди сатууга тыюу салынат

© Sputnik / Рамиль Ситдиков / Медиабанкка өтүүБүтүрүүчүлөр. Архив
Бүтүрүүчүлөр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Акыркы коңгуроо менен бүтүрүү кечеси болгон күнү арак-шарап сатылбасын деген талап коюлууда.

БИШКЕК, 24-июн. – Sputnik. Башкыртстандын прокуратурасы аймактык парламентке 11-класстар бүтүрүү кечелерин өткөргөн күнү ичимдик сатууну чектөө боюнча мыйзам долбоорун киргизди. Бул туурасында аймактык прокурордун жардамчысы Гузель Масагутова билдирди.

"Статистика боюнча алсак, өспүрүмдөр арасында кылмыштуулук өсүп бара жатат. Анын ар бир төртүнчүсү алагүү абалында жасалган. Полиция күн сайын жашы жете электердин ичкендиги, коомдук жайларда мас болуп жүргөндүгү, аларга алкоголдук ичимдиктердин сатылышы боюнча жүздөгөн фактылардын негизинде административдик иштерди козгоп келет", — деп айткан ал. 

Анын айтымында, даярдалып жаткан мыйзам долбоорунда бүтүрүү кечеси менен акыркы коңгуроо салтанаттарында ичимдик сатууга чек коюу каралган. 

Жаңылыктар түрмөгү
0