Климаттын өзгөрүшү 10 жылдан кийин дүйнөлүк ачкачылыкка алып келиши мүмкүн

© REUTERS / Samrang PringКамбоджадагы Кандал провинциясында кургап калган көл. Архив
Камбоджадагы Кандал провинциясында кургап калган көл. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ысык аба ырайы эгиндердин түшүм берүү мөөнөтүн кыскартат. 10 жылдан кийин дүйнөдө азык-түлүк тартыштыгы болушу ыктымал.

БИШКЕК, 22-июн. — Sputnik. Жүгөрүнүн түшүмдүүлүгүнүн кескин азайышы аба ырайынын ысып жатышына байланыштуу. Мындан улам 10 жылдан кийин дүйнө жүзүндө азык-түлүк тартыштыгы болушу мүмкүн экенин британиялык климотологдор билдиргенин Nature Climate Change журналына шилтеме берүү менен РИА Новости жазып чыкты.

Маалыматка караганда аба ырайынын жогорулашы менен кургакчылыктын пайда болушу Африкада өскөн жүгөрүнүн түшүмдүүлүгүнө чоң таасирин берип жатат. 

"Биз жогорку температура жүгөрүнүн түшүм берүү мөөнөтүнө тийгизген таасирин дыкат иликтеп көрдүк. Көрсө, ысык аба ырайы түшүм берүү мөөнөтүн кыскартат экен. Мындан улам албетте, түшүмдүн көлөмү дагы азаят", — деп билдирди Улуу Британиянын Лидса университетинин окумуштуусу Энди Чаллинор. 

Окумуштуу кесиптештери менен биргеликте өтө ысык аба ырайы бир гана жүгөрү эмес, башка өсүмдүктөрдүн түшүмдүүлүгүн төмөндөтө турганын аныкташкан. 

Жаңылыктар түрмөгү
0