Быйылкы май айы тарыхтагы эң аптаптуу ай болду

© Sputnik / Саид Царнаев / Медиабанкка өтүүФонтанда ойноп жаткан балдар. Архив
Фонтанда ойноп жаткан балдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Күндүн ысышынан улам кардын запасы минималдык деңгээлге жетип калган. Окумуштуулар алдыда кандай окуялар болуп кетишин азырынча билбей жатышканын белгилешти.

БИШКЕК, 21-июн. — Sputnik. Акыркы 137 жыл ичинде май айы эң аптаптуу болгону белгилүү болду. Аба ырайы орточо көрсөткүчтөн 0,87 градуска көтөрүлгөн. Бул тууралуу АКШнын климатологдору билдиргенин РИА Новости жазып чыкты.

"Климаттын абалы бизди абдан кооптондуруп жатат. Ысык аба-ырайы мөңгүлөрдүн март, май айларында эле эришине алып келди. Негизи мөңгүлөр июль айында гана эрип келген", — деп билдирди Дүйнөлүк метеорологиялык уюмдун адиси Дэвид Карлсон.

Бишкекте ысык аба-ырайы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Июнь айында аба ырайы 37 градуска чейин ысыйт
Ал мындай өзгөрүүлөр Арктика менен Антарктикадагы муздардын жукарышы менен өзгөчө байкалганын белгиледи. Анын айтымында, кардын запасы минималдык деңгээлге жетип калган. 

Окумуштуулар алдыда кандай окуялар болуп кетишин азырынча билбей жатышканын белгилешти. Себеби алар буга чейин муздардын тез эриши менен аба ырайынын кескин көтөрүлүшүнө кабылышкан эмес.

Жаңылыктар түрмөгү
0