АКШда жубайлар өспүрүм кызын жашы өткөн кишиге белекке берип коюшкан

CC BY 2.0 / Shinya Suzuki / AmishАмиштер үй бүлөсү. Архив
Амиштер үй бүлөсү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жубайлар жашы жете элек өспүрүмдү 50 жаштагы Ли Капланга беришкен. Азыр кыз 18 жашта. Төрт жыл ичинде Капланга эки бала төрөп берген.

БИШКЕК, 19-июн. — Sputnik. Америкадагы Пенсильвания штатынын бийлиги амиши түгөйлөрү менен алардын досуна айып койду. 

Амиши — АКШнын алыскы аймактарында жашаган анабаптист ишенимин карманган жарандар. Алар буудай өстүрүп, мал-жан багып күн көрүшөт. 

Астана шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан
АКШдагы терактыга байланыштуу абакка отурган казак студент үйүнө кайтып келди
Полициянын маалыматына караганда Дэниел менен Севилла Штольцфус фермасын сактап калууга акчалай жардам берген Каплануга өздөрүнүн 14 жаштагы кызын тартуулашкан. Алар социалдык тармактардан мындай кадам мыйзамдуу экенин окушканын билдирген. Учурда Штольцфустардын кызы 18 жашка толгон. Ал төрт жыл аралыгында Каплануга эки бала төрөп берген. 

Социалдык коргоо кызматынын адистери 51 жаштагы Ли Капланунун үйүнөн алты айдан 18 жашка чейинки кыздар бар экенин аныкташкан. Алардын бардыгы амиши экендиктери болжолдонуп жатат. 

Рейтер агенттиги билдиргендей Капланга 10 иш боюнча кылмыш иши козголгон. Дениэл Штольцфус сексуалдык аракеттерди жасоого катышы бар деп айыпталса, жубайы экөөнө балдардын коопсуздугуна шек келтиргендиги боюнча өзүнчө айып тагылууда.

Бул боюнча соттук отурум 2-августта өткөрүлөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0