Окумуштуулар карыялардын эмнеге унутчаак болорун түшүндүрүп беришти

© Sputnik / Табылды КадырбековАвтобус күтүп жаткан кары адамдар. Архив
Автобус күтүп жаткан кары адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кары адамдар биринчи жана кийинки көрсөтүлгөн сүрөттөрдү анчейин айырмалай алышкан эмес.

БИШКЕК, 16-июн. — Sputnik. Кары-картаңдар сүйлөшүү учурунда айтылган маанилүү деталдарды "толуп" калган эске тутуусунун айынан дайыма унутуп каларын РИА Новости агенттиги Neuropsychologia басылмасына шилтеме берүү менен жазып чыкты.

"Кары адамдар айрым учурлардын маанилүү деталдарын эстөөдө кыйналышат. Себеби алардын "эси" башка маалыматтарга толуп калган. Аныгында мындай болбош керек эле, бирок ушундай экен. Андыктан алар эмне болгонун так эстөөдө кыйналышат", — дейт АКШнын Жоржия институтунун өкүлү Одри Дуарте.

Бала көтөргөн киши. Архив - Sputnik Кыргызстан
Окумуштуулар кайсыл мамлекетте "эң начар" аталар жашарын аныкташты
Окумуштуулар улгайган кишилер менен жаштарды эки топко бөлүп, аларга түрдүү нерселерди көрсөтүп, бир аздан кийин ал жакта эмнелер тартылганын эстөөнү талап кылышкан. Ошол эле учурда биринчи көрсөтүлгөн сүрөттөгү айрым элементтерди аралаштырып, тапшырманы кыйындатышкан. Жаштар кошумча көрсөтүлгөн сүрөттөгү айрым элементтерди байкап, ал эстөөгө тоскоолдук берип жатканын айтышкан.

Ал эми кары адамдар биринчи жана кийинки көрсөтүлгөн сүрөттөрдү анчейин айырмалай алган эмес.

Жаңылыктар түрмөгү
0