Миграция уюму: Европага быйыл 210 миңден ашуун мигрант келген

© AFP / DIMITAR DILKOFFЕвропага келген мигранттар. Архив
Европага келген мигранттар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бул жааттагы кайгылуу статистика — 2859 адамдын өлүп жана белгисиз жоголушу болду.

БИШКЕК, 15-июн. — Sputnik. Жыл башынан бери Европага Жер ортолук деңизи аркылуу 210 миңден ашуун мигрант келген. Бул туурасында Миграция боюнча эл аралык уюм билдирди. 

Charlie Hebdo журналы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Чөгүп кеткен сириялык бөбөктүн карикатуралары үчүн "Шарли Эбдону" сотко беришмекчи
Маалыматка ылайык, Жер ортолук деңизи аркылуу Европага кирген качкындар менен мигранттардын саны 2016-жылдын ушул мезгилине карата алганда 210 миң 643 адамды түздү. Бул жааттагы кайгылуу статистика — 2859 адамдын өлүп жана белгисиз жоголушу. Алардына арасында жүрөктү титиреткен кичинекей Айландын өлүмү да бар.

Европа Дүйнөлүк биринчи согуш учурунан бери эле миграциялык каатчылыктан улам жабыр тартып келүүдө. Жакынкы Чыгыш менен Түндүк Африканын куралдуу чыр-чатактары жана экономикалык көйгөйлөрү аларды кыйнап турган чак.

Маалыматтарда өткөн жылдын он айынын ичинде Евробиримдикке 1,8 миллион мигрант келген. Германиянын Тышкы иштер министрлигинин маалыматында 2015-жылы өлкө аймагына бир миллиондон ашуун качкын кирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0