UEFA Россияны шарттуу түрдө Евро-2016дан четтетти

© Sputnik / Виталий Белоусов / Медиабанкка өтүүПолицейские стоят в оцеплении во время беспорядков после окончания матча группового этапа чемпионата Европы по футболу - 2016 между сборными командами Англии и России в Марселе.
Полицейские стоят в оцеплении во время беспорядков после окончания матча группового этапа чемпионата Европы по футболу - 2016 между сборными командами Англии и России в Марселе. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мындан сырткары, Россия тарап 150 миң евро айыпка жыгылды.

БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. Европанын футбол ассоциациясы (UEFA) шарттуу түрдө Россиянын футбол боюнча курама командасын мелдештен четтетти. Бул тууралуу ассоциациянын расмий сайты билдирди. 

Россиялык күйөрмандан Англия - Россия беттешинде. Архив - Sputnik Кыргызстан
Россиянын 50 футбол күйөрманы Франциядан депортацияланат
Эске сала кетсек, Франциянын Марсель шаарында Россия менен Англиянын командалары тең чыккандан кийин болгон жаңжалдан жабыр тарткандардын саны 40ка жакындаган. Анда россиялык күйөрмандар англичандардын аймагына кирип барып желегин тытууга аракет кылган. 

Учурда аталган окуя боюнча UEFA тарабынан Россияга дисциплинардык иш козголду. 

Шарттуу түрдө дисквалификациялоо — бул Россия күйөрмандары дагы бир ирет баш аламандыкка катышса, команда чемпионаттан четтетилет дегенди түшүндүрөт. Мындан сырткары, Россия тарап 150 миң евро айыпка жыгылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0