Орландодогу гей-клубда ок аткан киши эс алуу борборунун дайымкы кардары болгон

© REUTERS / Kevin Kolczynski Орландодогу Pulse гей-клубу. Архив
Орландодогу Pulse гей-клубу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Матин клубда эс алгандар менен баарлашып, кызы жана жубайы бар экенин учкай кеп кылганы бар.

БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. Жекшембиге караган түнү 49 адам атылган Pulse гей-клубуна барчулар кол салган Омар Матинди ага чейин эле көрүп жүрүшкөн. Бул тууралуу Orlando Sentinel басылмасына таянуу менен РИА Новости билдирди.

Мындай маалыматты гей-клубдун кеминде төрт дайымкы кардары айткан.

"Ал бурчка өзү жалгыз отуруп алып, иччү. Кээде аша чаап кетип, ызы-чуу салган кездери да болчу", — деди дайымкы кардарлардын бири. 

Матин клубда эс алгандар менен баарлашып, кызы жана жубайы бар экенин учкай кеп кылганы бар.

Эске сала ктесек, АКШнын Флорида штатынын Орландо шаарындагы түнкү клубда болгон атышуудан 50 киши каза болуп, 53 киши түрдүү жаракаттарды алган.

Жаңылыктар түрмөгү
0