Россияга каршы санкцияны узартуу боюнча АКШ менен Европанын пикири эки ача чыкты

© AFP / STR / BELGA АКШнын жана Евросоюздун желектери. Архив
АКШнын жана Евросоюздун желектери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Евробиримдик Россияга карата санкцияларды 2014-жылы киргизген. Аны узартуу боюнча акыркы чечимди ЕБ июнь айынын аягына чейин кабыл алышы керек.

БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. Европанын Sputnik.Пикирлер сурамжылоосуна катышкан жашоочуларынын 47 пайызы Россияга каршы санкцияларды июнь айында алып салууга ыктай турганы аныкталды. 

Ушундай эле пикирди Италия элинин басымдуу бөлүгү (51 пайыз) билдирди. Буга германиялыктардын 48 пайызы жана француздардын 43 пайызы макул болду. Ал эми Россияга карата санкцияларды алып салууну америкалыктардын болгону 29 пайызы гана туура деп эсептейт.

Сиздин пикириңизде Россияга карата санкцияларды 2016-жылдын июнь айында алуу керекпи же жокпу?
Сиздин пикириңизде Россияга карата санкцияларды 2016-жылдын июнь айында алуу керекпи же жокпу? - Sputnik Кыргызстан
Сиздин пикириңизде Россияга карата санкцияларды 2016-жылдын июнь айында алуу керекпи же жокпу?

Мындай маалыматтар Франциянын Ifop жана Улуу Британиянын Populus компанияларынын Sputnik маалымат агенттиги жана радиосунун тапшырыгы менен жүргүзгөн сурамжылоосунун негизинде белгилүү болду.

Санкциялардын мөөнөтүн узартууга көбүнесе америкалыктар кызыкдар. "2016-жылдын июнь айында Россияга карата санкцияларды алуу керекпи же жокпу?" деген суроого америкалыктардын 42 пайызы санкция мөөнөтүн узартуу керек экенин айтышкан. Ал эми Германия, Франция жана Италияда бул көрсөткүч 31, 29 жана 27 пайызды түзгөн. Бул суроого жооп бере албагандар Германияда 21 пайыз, Италияда 22, Францияда 28 жана Америкада 29 пайызга жеткен.

АКШнын желекчелери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Америкалыктар Сауд Аравияны колдоого каршы
Эскерте кетсек, Евробиримдик Россияга карата санкцияларды 2014-жылы киргизген. Аны узартуу боюнча акыркы чечимди ЕБ июнь айынын аягына чейин кабыл алышы керек. 

АКШ менен Италияда сурамжылоону Улуу Британиянын Populus компаниясы 15-21-апрель күндөрү жүргүзгөн. Ал эми Франция менен Германияда IFop 14-18-апрель күндөрү өткөн. Ага жалпысынан 4010 киши катышып, АКШдан 1002, Германиядан 989, Франциядан 1008 жана Италиядан 1011 адам катышкан. Алар жынысы, курагы жана жашаган дери боюнча тең салмакта каралды. 

Коомдук пикирди изилдөө боюнча эл аралык долбоор 2015-жылдын январында башталган. Долбоордун өнөктөшү белгилүү Populus жана Ifop изилдөө компаниялары болду. "Sputnik. Пикирлер" долбоорунун алкагында Европа жана АКШ өлкөлөрүндө маанилүү социалдык жана саясий маселелер боюнча сурамжылоолор үзгүлтүксүз жүргүзүлөт. 

Sputnik (sputniknews.com) — ондогон өлкөлөрдө мультимедиялык маалыматтык хабдарга ээ маалымат агенттиги жана радио. Sputnik өзүнө сайттарды, аналогдук жана санарип радиоберүү, социалдык тармактарда баракчаларды камтыйт. Sputnik маалымат түрмөгүнө жазылгандар үчүн англис араб, испан жана кытай тилдеринде кабарлар күнү-түнү жаңыланып турат.

Жаңылыктар түрмөгү
0