"Жебхат ан-Нусра" Алеппого чабуулга өттү

© Sputnik / Михаил Воскресенский / Медиабанкка өтүүАлеппо шаарындагы абал. Архив
Алеппо шаарындагы абал. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сауд Аравиясынан келген ондогон диний үгүтчүлөр Сириянын согуш болуп жаткан аймактарын кыдырып, ок атышууну токтотуу чакырыгы менен жүрүшөт.

БИШКЕК, 9-июн. — Sputnik. "Жебхат ан-Нусра" радикалдык тобунун согушкерлери түндө Алеппонун Хандрата деп аталган району менен Шейх-Максуд кварталында чабуулга өттү. Бул туурасында Сириядагы касташкан тараптарды жараштыруу боюнча россиялык борбордун өкүлү кабарлады.

"Согушкерлер ок атуучу ири техникалары менен элдик кошуун жана өкмөттүк аскерлер турган жерге чабуулга койду. Ал үч саатка созулуп, таңга жуук токтоп, террорчулардан зыянга учурагандар болду", — деди ал. 

Калашников автоматтары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Сириянын Дераа шаарында миңге чукул согушкер куралын тапшырды
Буга чейин аталган борбордон ок атууну токтотуу учурунда террорчулар катарын толуктап жана курал-жарактарын камдап алгандыгын айтып беришкен. Өткөн дем алыш күндөрү "Жебхат ан-Нусра" Алеппого киргенге эки ирет аракет кылып, бирок сириялык өкмөттүк аскерлер чабуулдардын мизин кайтарган. Мындан соң террорчулар провинциянын шаарлары менен эл жашаган кварталдарын аткылоого өткөн. 

Согуштук аракеттер орозо айы башталса да токтогон жок. Басылмалардын маалыматына караганда, Сауд Аравиясынан келген ондогон диний үгүтчүлөр Сирияда ок атышууну токтотууга чакырып жүрүшөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0