Түркиялык депутаттар кол тийбестигинен ажырады

© REUTERS / Umit BektasТүркиялык парламент. Архив
Түркиялык парламент. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Май айында депутаттардын басымдуу бөлүгү кол тийбестикти алууну колдошкон. Андан кийин эки партия мындай мыйзамга каршы экенин билдирип, сотко кайрылганы менен майнап чыккан эмес.

БИШКЕК, 8-июн. — Sputnik. Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган депутаттардын кол тийбестигин алуу боюнча мыйзамга кол койду.

Түркия мамлекетинин президенти Режеп Тайып Эрдоган. Архив - Sputnik Кыргызстан
Эрдоган: 2015-жылдан тарта Күрд партиясынын 7600гө чукул мүчөсү жок кылынды
Мыйзам расмий Resmi Gazete басылмасына жарыялангандан кийин күчүнө кирет. Бул мыйзам долбоору май айында көпчүлүк депутаттын добушу менен кабыл алынган. Анда 550 депутаттын 376сы макулдугун берген.

Мындай мыйзамды бийликтеги Адилеттүүлүк жана өнүгүү партиясы сунуштаган. Анын кабыл алынуусуна Күрддөрдүн элдик демократия партиясы каршы болуп, алардын депутаттары бийлик тарабынан кысымга алынат деп тынчсызданышкан.

Буга чейин Түркиянын прокуратурасы 138 депутатты кол тийбестигинен ажыратуу сунушун өлкө парламентине жөнөткөн. 

Депутаттардын кол тийбестигин алуу мыйзамына ЕККУнун парламенттер ассамблеясынын башчысы Илкка Канерва, Германиянын канцлери Ангела Меркель жана европалык дипломатиянын башчысы Федерика Могерини тынчсызданганын билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0