Индияда маймыл зер дүкөндү тоноп кетти

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүМаймыл. Архив
Маймыл. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Маймыл жемиштин мөмөсү менен сатуучуну алдап, зер дүкөндүн ичине кирип кеткен.

БИШКЕК, 7-июн. — Sputnik. Сыртты байкоо үчүн коюлган камерага зер дүкөндү тоноп жаткан маймыл тартылып калганын United Press International басылмасы билдирди.

Окуя Индиянын Андхра-Прадеш штатындагы Гунтур аймагында болгон. Маймыл сатуучуга жемиш беримиш болуп аны алдап, дүкөндүн ичине кирип кеткен. Ал жактагы акча салынган кассага барып, купюраларды да алган.

"Маймылга банан сунуштап кубалап чыгалы дедик, бирок маймыл бир бананга алданбай, кассада турган акчага толтура банан сатып алууга болорун түшүнгөн сыяктуу", — дейт дүкөндүн ээси.

Ошентип маймыл дүкөндү 144 долларга тоноп кеткен.

Жаңылыктар түрмөгү
0