Мухаммед Алинин табытын акыркы жайга Уилл Смит менен Леннокс Льюис көтөрүп барат

© Sputnik / Владимир Вяткин / Медиабанкка өтүүЛегендарлуу мушкер Мухаммед Али. Архив
Легендарлуу мушкер Мухаммед Али. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Легендарлуу мушкерди акыркы сапарга узатып жатканда анын табытын сегиз киши: жакындары менен туугандары кезектешип көтөрөт.

БИШКЕК, 7-июн. — Sputnik. Мухаммед Алинин табытын акыркы жайга жума күнү актер Уилл Смит жана бокс боюнча дүйнөнүн экс-чемпиону Леннокс Льюис көтөрүп барат. Бул туурасында РИА Новости Франс-пресс агенттигине шилтеме кылып кабарлады.

Америкалык актер дүйнөлүк легенданын ролун 2001-жылы Майкл Манндын "Али" тасмасында ойногон. Бул ролдон кийин Смит мушкер Мухаммед Али менен жылуу мамилесин үзгөн эмес. 

Британиялык жана канадалык спортчу Льюис акыркы 25 жыл ичиндеги эң мыкты мушкерлердин бири болуп келе жатат. Ал 1990-2000-жылдары дүйнөлүк титулдардын көбүн жеңип алган. 

Чемпион по боксу Мухаммед Али - Sputnik Кыргызстан
Мухаммед Алинин сүрөттө калган сүртүмдөрү
Легендарлуу Алини акыркы сапарга узатып жатканда анын жайына табытын сегиз киши: жакындары менен туугандары кезектешип көтөрүп барат. Мушкердин сөөгү жекшемби күнү өзүнүн туулган жери Луисвилл шаарына (Кентукки штат) учак менен жеткирилген. 

Мухаммед Али 10-июнда жерге берилет жана аны акыркы сапарга узатууга каалаган адамдар катышып, коштошо алат. 

Али 75 жашында Аризона штатындагы ооруканаларынын биринде бир нече күн ооруп жаткандан кийин көз жумган. 

Мухаммед Али — Олимпиада оюндарынын жеңүүчүсү, оор салмакта дүйнөнүн абсолюттук чемпиону (1964-1966-ж.ж., 1974-1978-ж.ж.), WBC версиясы боюнча дүйнө чемпиону (1974-1978-ж.ж.), WBA версиясы боюнча дүйнө чемпиону (1967-ж., 1974-1978-ж.ж., 1978-ж.). "Ринг" журналы беш ирет "Жылдын мушкери" атаган (1963, 1972, 1974, 1975, 1978). Мындан сырткары, аталган журнал Алини "Он жылдыктын мушкери" атаган (1970). 1999-жылы Sports Illustrated менен BBC Алини "Кылымдын спортчусу" атаган. Ал спорттук карьерасын аяктагандан кийин ЮНИСЕФтин ыктыярдуу элчиси болуп (1998-2008-ж.ж.) да иштеген.

Жаңылыктар түрмөгү
0