Согушкерлердин 19 күрд кызды тирүүлөй өрттөп жибергени айтылууда

© REUTERS / STRINGER"Ислам мамлекети" террордук уюмунун согушкери. Архив
Ислам мамлекети террордук уюмунун согушкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Күбө болгон адам кыздар халифаттын согушкерлерине күң болуудан баш тартканы үчүн жазаланганын айтты.

БИШКЕК, 5-июн. — Sputnik. "Ислам мамлекети" террордук уюмунун согушкерлери Ирактын Мосул шаарында чогулган элдин алдында 19 күрд кызын жазалаганы айтылууда. Бул туурасында РИА Новости Күрдстандын патриоттук союзунун жергиликтүү активисти Абдулла аль-Малланын айтканына таянып билдирген.

Жазалоого күбө болгон кишинин айтымында, 2-июнда "Ислам мамлекети" террордук уюмунун согушкерлери Мосулдагы борбордук аянтта жүздөгөн адамдардын алдында 19 күрд кызын өрттөп жиберген.

"Алар халифаттын согушкерлеринине күң болуудан баш тартканы үчүн жазаланды", — деп айткан Абдулла аль-Малла.

Ал төбө чачты тик тургузган мындай алааматтан кыздарды куткарууга эч ким даабаганын кошумчалады. 

Ирак аскерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ирак: согушкерлердин колунда калган Эль-Фаллужаны бир аптада бошотобуз
2014-жылдын августунда радикалдашкандар Ирактын Күрдстанындагы райондорду басып алган. Алардын колунда калган үч миңге жакын кыз-келиндерди өздөрүнүн күңүнө айлантып алгандыгы айтылып келет. Ирактын Күрдстан өкмөтүнүн аймактык маалыматтарына караганда, учурда согушкерлердин колунда 1800гө чукул кыз-келин турат.

Ирак Күрдстаны — Ирактын түндүгүндөгү автономиялуу аймак, алардын статусу өлкөнүн Баш мыйзамы менен бекитилген. Мосул — Ирактагы чоңдугу боюнча экинчи шаар. 2014-жылдан бери калаа "Ислам мамлекети" согушкерлеринин эл арасында массалык жазалоолорду жүргүзүп келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0