Адам баласы сегиз жылдан кийин Марс планетасына учушу мүмкүн

© NASASpaceX Dragon ракетасы. Архив
SpaceX Dragon ракетасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Flying Dragon 2 ракетасы астронавттарды ташууга багытталган. Анткен менен адистер алгач аппаратты учурууну көздөөдө.

БИШКЕК, 3-июн. — Sputnik. SpaceX иликтөө компаниясынын ээси Илон Маск 2018-жылы Марска Flying Dragon 2 ракетасын учурууну, ал эми 2024-жылы аталган планетага биринчи адамды учурууну көздөөдө. 

Маалыматка ылайык, Flying Dragon 2 ракетасы астронавттарды ташууга багытталган. Анткен менен адистер алгач аппаратты учурууну көздөөдө. 

Ракета жети адамды батырып, ал 18 ай дегенде Марска жетет. 

"Мен бул ыкма менен Марска саякаттоону сунуштабайт элем. Анткени көп убакыт кетет жана Жер планетасына кайтып келүүгө мүмкүн эмес", — деди Маск. 

Ал буга чейин 2025-жылы Марска учуу пландалып жатканын айтып келген. 

Жаңылыктар түрмөгү
0