Кремль Эрдоганга элдешүү үчүн эмне кылуу керектигин эскертип өттү

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүКремль. Архив
Кремль. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Песков жасала турган кадамдар боюнча бир нече ирет айтылганына карабастан Түркия тараптан эч кандай аракеттер көрүлбөй келерин белгиледи.

БИШКЕК, 1-июн. — Sputnik. Россия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков Түркиянын жетекчиси Режеп Тайип Эрдогандын Москва менен эпке келүү боюнча айткан билдирүүсүнө комментарий берди. 

Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Россиянын өлкө башчысы Владимир Путин менен. Архив - Sputnik Кыргызстан
Маалымат катчы: Эрдоган Путин менен сүйлөшө албай жатат
Буга чейин Эрдоган Түркия Россия менен мамилелерди жакшыртууга дилгир экенин, бирок ишти эмнеден баштарын билбей жатканын айткан.

Песков башка өлкөнүн башчысына кандайдыр бир кеп-кеңеш берүүгө анын укугу жок экенин, бирок Россия президентинин сөзүн эске салып коё ала турганын билдирди. Анын айтымында, элдешүү үчүн Түркия алгач Россиядан кечирим сурап, каза болгон учкучтун үй-бүлөсүнө жана талкаланган Су-24 учагы үчүн компенсация төлөп берүүсү керек.

"Бул жөнүндө президенттен бери айтып келет", — деди Песков.

Маалымат катчы ушул кезге чейин Түркиядан эч кандай аракеттер болбогонун баса белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0