Түркиянын чыгышында жарылуудан беш аскер кызматкери жарадар болду

© REUTERS / Sertac KayarДиярбакыр провинциясына көрүнүш. Архив
Диярбакыр провинциясына көрүнүш. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окуя көзөмөл өткөрүү жайынан өтүп бара жаткан шектүү автоунааны токтоткондо болгон.

БИШКЕК, 30-май — Sputnik. Түркиянын Диярбакыр провинциясынын аймагындагы көзөмөл өткөрүү жайында жардыруу болуп, бир нече аскер кызматчылары жабырланды. Бул тууралуу РИА Новости кабарлады. 

Окуя кечээ түнү Кулп шаарында болгон. Жарылуу болгон жерге Тез жардам жана полиция кызматы келип, жарадар болгондор ооруканага жеткирилди деп айтылат маалыматта.

Түркия: Диярбакырда жарылуудан жабыркагандардын саны 45ке жетти
Окуя көзөмөл өткөрүү жайынан өтүп бара жаткан шектүү автоунааны токтоткондо болгон.

Маалыматта автоунаадан түшө качкан кишилер бир аз узап кеткенден кийин, аралыктан туруп атайын жабдуунун жардамы менен миналанган автоунааны жардырып жиберген. Анын кесепетинен, беш киши жарадар болгон.

Haberturk сайтынын маалыматында, ал Күрдстандын жумушчулар партиясынын мүчөсү экендиги айтылып, полиция аны кармагындыгы кабарланды.

Акыркы мезгилдери Диярбакыр шаарында жардыруулар тез-тез кайталанып, алардын бир катарын Түркияда ишмердүүлүгүнө тыюу салынган Күрдстандын жумушчулар партиясынын мүчөлөрү жасагандыгы айтылып келет.

Расмий Анкара 2015-жылы июль айында Түркияда күрддөрдүн аталган партиясына каршы масштабдуу операцияны баштаган. Көтөрүлүшчүлөр менен кагылышууда 350 аскер менен полиция курман болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0