Япония: Сирияда жоголду деген журналисттин жардам сураган сүрөтү пайда болду

© Sputnik / Андрей Стенин / Медиабанкка өтүүСириянын желеги. Архив
Сириянын желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сүрөттөгү киши колуна "Мага жардам бериңиздерчи. Бул акыркы мүмкүнчүлүк. Дзюмпэй Ясуда" деген жазуусу бар плакатты кармап турат.

БИШКЕК, 30-май — Sputnik. Сирияда былтыр кабарсыз кеткен япон журналисти Дзюмпэй Ясуданын жардам сураган сүрөтү кечээ кечинде басылмаларга жиберилген. Бул тууралуу РИА Новости Киодо маалымат агенттигине таянуу менен кабарлады. 

Маалыматтарда сүрөт өзүн 42 жаштагы журналистти уурдап кеткен топтун далдалчысы деп атаган киши тарабынан жиберилген. 

Божомолдорго караганда, Ясуда учурда "Жебхат ан-Нусра" деп аталган террордук топтун колунда турат. Киодо сүрөт кыязы, ишемби күнү кечинде тартылган деген божомолду айтып жатат.

Сүрөттөгү узун чачтуу, сакал-муруттуу киши ачык саргыч футболка кийип турат. Колунда "Мага жардам бериңиздерчи. Бул акыркы мүмкүнчүлүк. Дзюмпэй Ясуда" деген жазуусу бар плакат бар. 

Ислам мамлекети террордук уюмунун согушкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Сирияда согушкерлер эки жигиттин колу-бутун керип, жыгачка кагып салышты
Март айында Facebook социалдык тармагына Сирияда жоголуп кетти делген Дзюмпэй Ясуда аттуу кишинин видеожазуусу чыккан. 

Өзүн далдалчымын деп атаган киши Ясуданын бошотуп алыш үчүн япон өкмөтүнө бир нече ирет кайрылып, акча сураган. Видео япон өкмөтү журналист террорчулардын колунда экендигине далил сурагандан кийин жарыяланган. 

Ясуданын Сирияга июлдун башында "Ислам мамлекети" тобунун согушкерлеринин колунан каза тапкан дагы бир Кэндзи Гото атуу журналисттин өлүмү боюнча материал жасаш үчүн чыгып кеткени айтылууда. Гото менен ишкер Харуна Юкаванын өлтүрүлгөнү боюнча кабар 2015-жылдын январында чыккан. 

Согушкерлер аларды жазалоону Япониянын "Ислам мамлекетинен" жабырланган мамлекеттерге жардам көрсөтүү боюнча билдирүүсүнө, тагыраагы финансылык маселеге байланыштырган эле. 

Интернеттеги видео роликте согушкер журналист Готону жазалоодон мурда япондуктар кайсыл жерде болбосун аларга "аңчылык кылууну уланта берерин" айткан. 

Бул окуядан кийин Япония ТИМи жарандарына Сирияга баруудан баш тарта турууну айткан. 

Жаңылыктар түрмөгү
0