Окумуштуулар: айымдар "бактылуумун", "сүйөм" деген сөздү көп колдонушат

© Sputnik / Владимир Вяткин / Медиабанкка өтүүАвтобуста бараткан аял. Архив
Автобуста бараткан аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ал эми мырзалар болсо "спорт", "футбол", "салык" деген сөздөрдү байма-бай жазышат.

БИШКЕК, 30-май — Sputnik. Окумуштуулар Facebook социалдык тармагынын 52 миң колдонуучусунун 10 миллион билдирүүсүн иликтөөгө алып, мырзалар менен айымдар көбүнчө эмне жөнүндө жазышаарын аныкташкан. Бул тууралуу РИА Новости PLoS ONE журналына таянуу менен жазып чыкты.

Ооруканадары даарылануучу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Окумуштуулар: нике ракты жеңүүгө жардам берет
Иликтөөнүн жыйынтыгында айымдар жумшак, көңүл орутпаган, бирөөнүн кайгысын тең бөлүшкөн сөздөрдү көп колдонуп, адамдардын кыймыл аракеттерин көп жазышса, мырзалар ачууга алдыруучу талаш сөздөрдү жазып, адамдарды эмес ар кыл түшүнүктөрдү сүйлөшөрү белгилүү болгон.

Айымдар "бактылуумун", "сүйөм" деген сөздөрдү көп колдонсо, мырзалар "жеңиш", "спорт", "футбол", "салык" деген сөздөрдү байма-бай жазышат.

Окумуштуулар иликтөөнүн жыйынтыгында айымдар "жылуу" тилде сүйлөшсө, мырзалар "муздак" тилде сүйлөйт деген тыянакка келишкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0