Мекке: былтыр тепсенди болгон жерде миңден ашуун көзөмөл камералар орнотулду

© AFP / MOHAMMED AL-SHAIKСауд Аравиясында зыярат учуру. Архив
Сауд Аравиясында зыярат учуру. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шаар бийлиги зыяратчылардын агымын карап, абалды жөнгө салып туруу үчүн байкоо жүргүзгөн 150 мунараны техникалык жактан кайрадан жабдып чыкты.

БИШКЕК, 27-май — Spitnik. Сауд  Аравиясынын коопсуздук органдары ажылык сапарды аткарып жаткан аймактарга тыгындын жана адамдардын  бири-бирин тебелеп  кетүүсүнүн алдын алуу максатында орнотулган көзөмөл камералардын санын көбөйттү. Бул туурасында РИА Новости Saudi Gazzette сайтына  шилтеме кылып маалымат таратты.

2016-жылдын, 24-сентябрында  Курман айт күнү Мина өрөөнүндө чоң шайтанга таш ыргытуу амалдары учурунда зыяратчылар тепсендиде калышкан. Акыркы маалыматтар боюнча 2200 киши курман болгон. Сауд басылмалары  муну "акыркы 25 жыл ичиндеги эң кандуу ажылык" деп атаган.

Буга байланыштуу сауд бийлиги зыяратчылардын коопсуздугун коргогон жаңы план иштеп чыкты.

"Меккени өнүктүрүү боюнча комиссия Мина өрөөнүнө миңден ашуун көзөмөл камераларын орнотту",— деп айткан Меккенин коопсуздук боюнча борборунун жетекчиси. 

Меккедеги каргаша: акыркы чейрек кылымдагы "кандуу" ажы сапары
Шаар бийлиги зыяратчылардын агымын карап, абалды жөнгө салып туруу үчүн байкоо жүргүзгөн 150  мунараны техникалык жактан кайрадан жабдып чыккан. Ажылыкка баргандар үчүн ыйык жайларды жүрүүнүн жаңы эрежелери иштелип чыкты. 

Буга чейин Saudi Gazzette  бул аймактарда зыярат жасоо мезгилдин эң ысык учуруна туш келээрин, көлөкөдөгү абанын температурасы + 50 градуска жетээрин билдирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0