АКШда бардык антибиотикке туруктуу "супербактерия" табылды

© Sputnik / Валерий Мельников / Медиабанкка өтүүЛаборатория изилдөөлөрү. Архив
Лаборатория изилдөөлөрү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алгачкы антибиотик 88 жыл мурун иштелип чыккан. Учурда окумуштуулар адамзат антибиотиктерди пайдалануу зарылдыгы жок чөйрөдө жашап калабы деп кооптонуп турат.

БИШКЕК, 27-май — Sputnik. АКШнын саламаттык сактоо органдары ушу кезге чейин белгилүү болгон антибиотиктердин бирине да моюн бербеген алгачкы инфекцияны аныкташты.

Ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу борборунун маалыматы боюнча кеп Пенсильвания штатында табарсык оорусунан жапа чеккен 49 жаштагы аял тууралуу болууда.

"Биз антибиотиктерди пайдалануу зарылчылыгы жок чөйрөдө жашап калабызбы деген кооптонуу күч", — деген борбор башчысы Тома Фридендин сөзүн Райтер агенттиги келтирет. 

Antimicrobial Agents and Chemotherapy журналында жарыяланган докладга ылайык, аныкталган "супербактерия" ДНКнын эң майда фргаменти болуп саналат. Ал mcr-1 деп аталган генге антибиотиктерди кабыл албоо касиетине ээ.

"Бул бардык дары каражаттарына туруштук бере алган бактериянын пайда болушунан кабар берет", — деп айтылат иликтөөдө.

Буга чейин кытайлык медиктер Пекиндин ооруканаларынан балдар арасында тез жайылып, пневмония оорусун шарттай турган Mycoplasma pneumoniae бактериясынын жаңы үлгүсүн табышкан. Ал бир катар мутацияга туш болуп, бир дагы дарыга моюн бербей турганы аныкталган. 

Марихуана ороп жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Германияда марихуана дарыканаларда сатылышы мүмкүн
Антибиотик — тирүү клеткалардын өсүүсүнө бөгөт коё турган табигый же жарым-жартылай синтетикалык каражат.

Алгачкы антибиотик — пенициллин 1928-жылы окумуштуу Александр Флеминг тарабынан көк даттан жасалган. Бирок аны Оксфорд университетинин эки илимпозу Фовард Флор жана Эрнст Чейндин таза пенициллинди бөлүп чыгаргандан кийин 10 жылдан соң гана пайдаланууга берилген. Аталган дары массалык түрдө Экинчи дүйнөлүк согушта, 1943-жылы даярдала баштаган. 

Жаңылыктар түрмөгү
0