Бир мүнөттө 79 кишини кучактап чыккан индиялык Гиннеске кирди

© flickr.com / Martin ThomasГиннес китептери. Архив
Гиннес китептери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
88 бала кезекке туруп, шамдагайлык менен атайын белгиден соң Гиннеске кирем деген киши менен кучакташып чыгышты.

БИШКЕК, 25-май — Sputnik. Индиядагы Хайдарабад шаарынын жашоочусу бир мүнөттө 79 кишини кучактап, рекорд коюп, Гиннес китебине катталды. Бул туурасында РИА Новости жазды. 

Рекордду каттоо Андхра-Прадеш штатындагы мектептердин биринде болду. 88 бала кезекке туруп, шамдагайлык менен атайын белги берилген соң Гиннеске кирем деген киши менен кучакташып чыгышты. Киши кучактагыч Кришна Кумар аттуу жергиликтүү жашоочунун кыймылын эки киши саат менен, калганы оозеки санап турушту.

Жалпы эсеп боюнча ал 60 секунд ичинде 83 баланы кучактаганга жетишкени менен, калыс болгондор 79 учурду гана жарактуу деп тапкан. Санакчылар берки төртөөнү кучагына тобу менен алып жиберди дешти. Кучак рекорду — кишини өзүңө тартып, жакындан жана толугу менен кучактоо керек деп түшүндүрүштү. 

"Гиннеске кирүү адамдын эң жогорку жетишкендиги деп ойлойм", — деп жазды Кумар рекорддук көрсөткүчтөрдү аткаргандыгы боюнча арызда. 

Бул кучак-рекорду 5-мартта болгону менен Гиннес китебине аны расмий түрдө бүгүн, 25-майда катташкан. 

Буга чейинки "кучактагыч" деп 2014-жылы австралиялык теле алып баруучу Кэрри Бикмор таанылган. Ал Австралиянын балдар ооруканасында бир мүнөт аралыгында 77 адамды кучактоого үлгүргөн. 

Жаңылыктар түрмөгү
0