Окумуштуулар ичеги рагын алдын ала сезе турган "биочип" ойлоп табышты

© пресс-служба МФТИРоссиялык биоинженерлер менен илимий мекемелердин окумуштуулары таап чыккан биочип
Россиялык биоинженерлер менен илимий мекемелердин окумуштуулары таап чыккан биочип - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматына ылайык ичеги рагынын жайылышы бардык коркунучтуу оорулардын арасында үчүнчү орунда турат.

БИШКЕК, 25-май — Sputnik. Россиялык биоинженерлер менен илимий мекемелердин окумуштуулары ракты аныктоочу биочип ойлоп табышты. Бул тууралуу Cancer Medicine журналына шилтеме берүү менен РИА Новости жазып чыкты. 

Маалыматта биочип ичегилердеги рактын пайда болушун алдын ала аныктай тургандыгы айтылат. 

"Жакынкы аралыкта тест-система өлкөбүздүн клиникалык лабораторияларында колдонууга чыгып калышы ыктымал", — деп билдирген окумуштуу Жанна Зубцова. 

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматына ылайык ичеги рагынын жайылышы бардык коркунучтуу оорулардын арасында үчүнчү орунда турат. Бул илдет өлүмгө алып келүүчү эң оор илдет экени белгиленет. 

Буга ылайык биочиптин ишке кириши миңдеген жарандардын өмүрүн сактап калууга шарт түзөт. 

Жаңылыктар түрмөгү
0