Илимпоздор ашыкча салмак бардык органды жабыркатарын аныкташты

CC BY 2.0 / Daniel Oines / WelterweightТаразадагы адам. Архив
Таразадагы адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Финляндиялык медиктер ашыкча салмактан негизинен тамак сиңирүүчү органдар, жүрөк, өпкө, кан тамырлар жана нерв системасынын ткандары жабыр тартарын иликтешти.

БИШКЕК, 23-май – Sputnik. Ашыкча салмак дененин бардык органдарына зыян келтирип, гормондордун бузулушун жана рактын өрчүшүн шарттайт. Андан сырткары, жүрөктүн оорусун, инсультту пайда кылып, сөөккө терс таасирин тийгизет. Мындай маанайды чөгөргөн маалыматтар Барселонада өткөн кишинин генетикасы боюнча эл аралык конференцияда айтылды. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

"Изилдөөлөрдүн жыйынтыгы көрсөткөндөй, толуп кетүү пайда алып келбейт. Ал дененин бардык органдарына зыян тийгизип, системалык түрдө жабыркатат. Эң кызыгы, ал ар бир тканга өзүнчө таасирин тийгизет экен", — деди Хельсинкидеги (Финляндия) молекулярдык медициналык институттун окумуштуусу Тару Тукияйнен.

Окумуштуулар: диета кармаган адамдар арыктай албайт
Илимпоздор өлгөндөн кийин денесин медициналык изилдөө үчүн окумуштуулардын колуна таштап кеткендердин маалымат базасы (GTEx) менен иштөөгө мүмкүнчүлүк алышкан. Анда жакында каза болгон 30 миң адамдын денесинен тарта мээсинин ткандарына чейинки маалыматтар жайгаштырылган. 

Окумуштуулардын изилдөөсүнүн натыйжасында маркумдардын үчтөн экиси семиздиктен жабыр тарткандыгы белгилүү болгон. Негизинен тамак сиңирүүчү органдар, жүрөк, өпкө, кан тамырлар жана нерв системасынын ткандары жабыр тарткандыгын аныктап чыгышкан. 

Бул анализ семиздик рак дартына, жүрөккө, кан тамырларга, инсультка байланыштуу көйгөйлөр, андан сырткары сөөктүн ар кыл оорулары менен коштолорун далилдеген.

Жаңылыктар түрмөгү
0