Окумуштуулар: глобалдуу жылуулук 500 миллион адамдын өмүрүн алышы мүмкүн

© REUTERS / ANINDITO MUKHERJEEСуу ташкын. Архив
Суу ташкын. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Илимпоздор глобалдуу жылуулуктан улам пайда болуучу табигый кырсыктарга божомол салып көрдү.

БИШКЕК, 23-май — Sputnik. Геофизиктер 500 миллион адамдын өмүрүнө забын боло турган табигый кырсык тууралуу билдиришти. Бул тууралуу РИА Новости Science Advances журналына таянуу менен жазып чыкты. 

Окумуштуулар лабораторияда суу ташкынынын моделин жасап, анын нугун иликтешкен. Ага ылайык, дарыялардагы суу глобалдуу жылуулуктан жээгинен ашып, суу алдында ири аймактар калышы мүмкүндүгү аныкталган. 

Геофизиктердин айтымында, бул изилдөөлөр кырсыктын алдын алып, миллиондогон адамдын өмүрүн сактап калууга багытталган.

Жаңылыктар түрмөгү
0