Обама АКШ мыйзамдарынан "негр" деген сөздү алып салды

© Sputnik / Сергей Гунеев / Медиабанкка өтүүАКШнын президенти Барак Обама. Архив
АКШнын президенти Барак Обама. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Авторлор мыйзамдан алып салынган сөздөр айрым америкалык жарандарды бөлөксүнткөндөй болуп каларын айтышууда.

БИШКЕК, 22-май — Sputnik. АКШ президенти Барак Обама федералдык мыйзамдан "азчылыкты кемсинтүүчү" "чыгыш", "негр" жана "испан тилдүү" сыяктуу сөздөрдү алып салганын ABC News агенттигине таянуу менен РИА Новости жазып чыкты.

Аталган мыйзам тексттердин заман талабына жооп беришин жана 1970-жылдардагы Саламаттык сактоо жана атайы кызматтардын документтеринде кездешкен сөздөрдөн арылууну шарттайт.

"Айрым сөздөр менен аталыштардын тамыры европалык колонизациянын дооруна барып такалат. Алар аталган топко кирген адамдардын бөлөк экенин эскертип, тастыктап, толук кандуу америкалык болуусуна кедергисин тийгизип келчү", — деп айтылат билдирүүдө.

Февралда мыйзам долбоору АКШнын палатасы тарабынан жактырылып, 10-май күнү аны сенат бир добуштан колдоп берген. Аталган мыйзам президенттин кол коюшунан кийин юридикалык күчкө ээ болот. 

Жаңылыктар түрмөгү
0