Япон кызынын өлүмүнөн улам АКШнын Япониядагы аскер базасынын алдында митинг өттү

© Sputnik / Наталья Селиверстова / Медиабанкка өтүүАКШнын желеги. Архив
АКШнын желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Нааразычылык акциясы америкалык аскердин япон кызын өлтүргөн деген маалыматтан кийин башталган.

БИШКЕК, 20-май — Sputnik. АКШнын Япониядагы Кадэна базасынын алдында жергиликтүү эл митингге чыгышты. Бул тууралуу РИА Новости жергиликтүү NHK телеканалына таянуу менен жазып чыкты.

Нааразылык акциясы АКШнын аскер базасындагы жоокери 20 жаштагы япон кызынын өлүмүнө тиешеси бар делген маалыматтан кийин башталган.

"Американын базасы жабылмайынча, буга окшогон окуялар кайталана берет", — дейт митингтин катышуучулары.

АКШнын мурдагы Кыргызстандагы элчиси Украинага элчи болот
Япониянын Окинава аймагындагы АКШнын базасында кызмат өтөгөн 32 жаштагы АКШ жараны Шинзато Кеннет Франклин 20 жаштагы япониялык Рин Симабукурону өлтүрдү деп шектелип, полиция кызматкерлери тарабынан кармалган.

Япониядагы АКШ аскерлери катышкан кылмыш биринчи жолу болуп жаткан жок. Буга чейин америкалык аскер Жастин Кастелланос Наха шаарында турист кызды зордуктаган деп айыпталса, дагы эки АКШнын атайын даярдыктан өткөн жоокери мейманканада бир кызды зордуктап салышкан. Ал эми 1995-жылы үч америкалык аскердин 12 жаштагы окууучу кызды зордуктап салганы коомчулукту дүрбөткөнүн аталган басылма белгилейт.

Жаңылыктар түрмөгү
0