Окумуштуулар кишинин мурдунун формасын аныктай турган генди табышты

© flickr.com / Shawn CampbellКлоун. Архив
Клоун. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Илимпоздор табылган бул гендер адамдардын жашаган аймагы мурундун формасынын калыптанышына таасир берер-бербесин аныктоого жардам берет дешет.

БИШКЕК, 20-май — Sputnik. Улуу Британиянын генетиктери кишинин мурдунун формасын болгону төрт эле ген калыптандырарын тапты. Бул тууралуу Nature Communications журналына шилтеме берүү менен РИА Новости жазып чыкты.

"Биологдор арасында мурундун формасы анын ата-теги кайсыл аймакта жашагандыгынан көз каранды болот деп ойлоп келишкен. Мисалы, европалыктардын кырдач мурундуу болушу суукка жана кургак аба ырайына ыңгайлашкан делинген. Табылган бул гендер аркылуу чындап эле бул гипотезалар чындыкка жакын экенин тактаганга жардам берет", — дейт окумуштуу Андрес Руиз-Линарес.

Окумуштуулар алгач, кишилердин негизги анатомиялык 14 өзгөчөлүгүн ченешкен. Андан кийин мурундун формасын аныктай турган генди табууга аракеттенишкен.

Илимпоздор табылган бул гендер адамдардын жашаган аймагы мурундун формасынын калыптанышына таасир берип, бербесин аныктоого жардам берет дешет.

Жаңылыктар түрмөгү
0