Афганистанда Азербайжан учагы кыйроого учурады

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүСамолет. Архив
Самолет. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кырсык кечке маал Афганистандын Гильменд провинциясында болгон.

БИШКЕК, 19-май — Sputnik. АН-12 учагынын кыйрашы боюнча Азербайжандын жарандык авиациясы тарабынан атайын комиссия түзүлдү. Бул тууралуу Sputnik Азербайжан  агенттиги билдирди. Аталган учак Silk Way компаниясынан ижарага алынып, Афганистандын ичинде жүк ташууга багытталган. 

Алдын ала маалыматтарга ылайык кырсык Баку убактысы боюнча саат 18:30дар чамасында Афганистандын Гильменд провинциясында болгон. 

"Ижарага алынган учакта ар өлкөнүн өкүлдөрү болгон. Экипаждын капитаны Өзбекстандын жараны болсо, дагы үч адам Украинанын жараны, дагы бешөө азербайжандыктар болгон", — деп айтылат маалыматта. 

Учурда кырсыкты жеринен иликтөө үчүн сүйлөшүүлөр жүрүүдө. 

АН-12 — аскердик техника жана жоокерлерди ташуу үчүн багытталган учак болуп саналат. Ал 20 тонна жүк көтөрүүгө эсептелген. 

Жаңылыктар түрмөгү
0