Италия: мигранттар аларды баш калкалатып турган имаратты өрттөп жиберишти

© REUTERS / Antonio ParrinelloИталияга келген качкындар. Архив
Италияга келген качкындар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Лампедуза аралынын мэри Жиузи Николини өрт койгон бозгундардын ким экендиги такталгандыгын айтты.

БИШКЕК, 18-май — Sputnik. Евробиримдиктеги миграциялык мыйзамга нааразы болгон Италиянын Лампедуза аралындагы качкындар аларды баш калкалатып турган жайды өрттөп жиберишти. Бул туурасында РИА Новости Рейтер агенттигине таянып маалымат берди 

Арал Жер ортолук деңизине жакын аймакта жайгашкан. Мигранттардан турган топ өздөрү баш калкалап турган жайга өрт койгон. 

Анжелина Жоли: качкындарга гуманитардык жардам көрсөтө албай калдык
Аталган аралдын мэри Жиузи Николини мигранттар бир имараттын өрттөлгөнүн тастыктап, буга шектүүлөрдүн өздүгү такталганын билдирген. 

Европа Дүйнөлүк биринчи согуш учурунан бери эле миграциялык каатчылыктан улам жабыр тартып келүүдө. Жакынкы Чыгыш менен Түндүк Африканын куралдуу чыр-чатактары жана экономикалык көйгөйлөрү аларды кыйнап турган чак.

Маалыматтарда өткөн жылдын он айынын ичинде Евробиримдикке 1,8 миллион мигрант келген. Германиянын Тышкы иштер министрлигинин маалыматында 2015-жылы өлкө аймагына бир миллиондон ашуун качкын кирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0