АКШнын атайын кызматы 18 миң агентин Ирак, Афганистанга жиберген

© AFP / MARK RALSTONАКШ желеги. Архив
АКШ желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ирак менен Афганистандан башка дагы согуш оту тутанган кайсыл аймактарга агенттер жиберилгендигин атайын кызмат ачыктаган эмес.

БИШКЕК, 18-май — Sputnik. Радиоэлектрондук акмалоо боюнча артыкчылыгы менен белгилүү болгон АКШнын Улуттук коопсуздук боюнча агенттиги миңдеген кызматкерлерин, согуш оту тутанган аймактарга, анын ичинен Ирак менен Афганистанга аттандырган. Бул туурасында АКШнын Улуттук коопсуздук боюнча агенттигинин директорунун орун басары Рик Лежетт Fox News сайтына айтып бергендигин РИА Новости жазды. 

"2001-жылдан тарта Улуттук коопсуздук боюнча агенттиктин 5000 кызматкерин Иракка, 8000 агентти Афганистанга, ал эми согуш оту күйүп жаткан аймактарды алганда, жалпысынан 18 миң кызматкерди жөнөттүк", — деген Лежетт.

Британиялык атайын кызматтар жашыруун маалыматтарды өздөрү үчүн да пайдаланган
АКШнын Улуттук коопсуздук боюнча агенттиги — аталган өлкөдөгү кызматкерлеринин саны жана бюджети жашыруун сыр катары каралган ири атайын кызматтардын бири. 

Лежеттин айтымында, согуш оту тутанган аймактарга кызматкерлер жергиликтүү согушкерлердин жасай турган иштеринин алдын алуу максатында жиберилген. 

Аталган кызматтын адистери тыңшаган маалыматтарды "арбын маалыматтар" технологиясын колдонуп, иштеп чыккан. Маселен, телефондук сүйлөшүүлөрдү уккандан кийин, алар анын кайсы аймактан чалынганын аныктап, атайын картага киргизип турушкан. 

"Топтолгон мындай материалдар — телефондун номерин жана аймак, согушкерлердин жасай турган аракеттер боюнча маалыматтарды бириктирип, аналитиктерге берүүгө болот. Алар радио аркылуу конвой менен байланышып, кайсыл жерде буктурма кооптуулугу бардыгын билдирет", — деген директордун орун басары. 

Мындай жол менен иштелип чыккан маалыматтардын кесепетинен жай жашоочулар курман болгон эмес беле деген суроого ал аталган программадан улам, жөнөкөй көп адамдардын өмүрү сакталып калды деген жообун берген.

Ирак менен Афганистандан башка дагы согуш оту тутанган кайсыл аймактарга агенттер жиберилгендигин атайын кызмат ачыктаган эмес. 

Жаңылыктар түрмөгү
0