"Титаниктен" да чоң лайнер алгачкы сапарына чыкты

© AFP / JEAN-FRANCOIS MONIERСамое большое в мире круизное судно Harmony of the Seas. Архивное фото
Самое большое в мире круизное судно Harmony of the Seas. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Harmony of the seas аталышындагы лайнер "Титаникке" караганда 100 метрге узун жана 180 тоннага оор. Лайнердин бортуна 8,5 миң адам батат.

БИШКЕК, 16-май — Sputnik. Дүйнөдөгү эң чоң Harmony of the seas аттуу лайнер жекшемби күнү Франциядагы Сен-Назера портунан өзүнүн алгачкы узак сапарына аттанды. Бул тууралуу РИА Новости Франс Пресс агенттигине шилтеме берүү менен жарыялады.

Кеме Улуу Британиянын түштүк жагында жайгашкан Саутгемптон портуна сапар алды. Андан кийин лайнер Барселонаны көздөй Жер ортолук деңизи аркылуу жөнөйт. 

Кеменин салмагы 227,5 миң тоннаны түзүп, туурасы — 66, узундугу — 362 метрге жетет. 

Кибиреген шахматтар. Кыргызстандык жигит Гиннес китебине кирүүнү көздөйт
Harmony of the seas аталышындагы лайнер "Титаникке" караганда 100 метрге узун жана 180 тоннага оор. Мындан сырткары, Титаникке болгону 2 миң 208 адам баткан. Ал эми Harmony of the seas кемесинин ичинде 6,4 миң жүргүнчү жана эки миңден ашык экипаж мүчөлөрү болот.

Лайнердин ичинде муз аянты, казино, 1,4 миң орундуу театр, спорт зал, бассейн, баскетбол аянтчасы, ар кандай аттракциондор, 100 метр узундуктагы соода текчелери жана 12 миң түрлүү өсүмдүктөн турган бакча жасалган. 

Эс алуудан кийин жүргүнчүлөр лайнердин ичинде жайгашкан 30 чакты кафе- ресторандардан тамактана алышат. Ал эми Bionic bar барына кирип робот официанттардын тейлөөсүнө күбө болушат. 

Кемени курууга 2,5 жыл керектелип бир миллиард евро сарпталган. Harmony of the seas кемесинин бийиктиги салыштырмалуу 20 кабаттуу үйгө барабар. 

Буга чейин эң чоң кеме катары 2010-жылы эксплуатацияга берилген Allure of the seas кемеси эсептелип келген. Анын узундугу азыркы кемеден эки сантиметрге эле кыска болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0