Иракта ИМ согушкерлери "Реалдын" фанаттарына кол салып, 16 жаран каза болду

© AFP / AHMAD AL-RUBAYEИрактын полиция кызматкерлери. Архив
Ирактын полиция кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Футбол командасынын күйөрмандарына ок чыгаргандан кийин террорчулардын бири кармоо учурунда белиндеги шахид курун жардырып жиберген.

БИШКЕК, 14-май — Sputnik. "Ислам мамлекети" террористтик тобунун согушкерлери Иракта "Реал Мадрид" командасынын күйөрмандарына кол салып, 16 киши каза болду. Бул тууралуу El Pais гезитине таянып РИА Новости жазып чыкты.

Кол салуу Балад шаарында болгон. Белгисиз үч адам атактуу футбол клубунун күйөрмандарынан турган ассоциация жайгашкан кафени аткылашкан. 16 киши каза болуп, 20сы ар кандай жаракат алган.

Согушкерлер из жашырып кетүүгө үлгүргөн. Кийинчерээк анын бирөөсү базардын жанынан кармоо учурунда белиндеги шахид курун жардырып жиберген.

"Күйөрмандарга кол салынышы үрөйүмдү учурду. Терроризм футболго кол салып жатат… Курман болгондордун үй-бүлөсүнө көңүл айтабыз", — деп Twitter баракчасына Испаниянын профессионал футбол лигасынын президенти Хавьер Тебас жазды.

Ал футбол акырындап террорчулуктун бутасына алына баштаганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0