Кытай полициясы социалдык тармактагы шылуундарды кармады

© AP Photo / Andy WongКытай мамлекетинин желеги. Архив
Кытай мамлекетинин желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алар интернет аркылуу кытайлык бир жарандын 1 миң 200 долларын алдап кетишкен.

БИШКЕК, 14-май — Sputnik. Кытайдан түштүгүндөгү Шэньчжэнь шаарынын полициясы социалдык тармакта шылуундук кылып, элди алдап кеткендерди кармады. Бул тууралуу РИА Новости Синьхуа агенттигинине шилтеме кылып билдирди.

Полиция алдамчыларды кармоо үчүн 5-12-май аралыгында тынбай иштеген. Кармалгандар WeChat жана QQ мессенжерлери аркылуу алдамчылык пирамида түрүндөгү системаны уюштурганга шектелип жатышат.

Компьютерде иштеп жаткан кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандыктар интернет аркылуу дипломдун аныктыгын текшере алат
Шылуундар шыпырган акчанын суммасы азырынча билине элек, бирок, алардын курмандыгы болгон бир адамдан 1 миң 200 долларын алып коюшкандыгын белгилүү болду. Учурда кармалгандардын буга чейинки жана мындан аркы жасаганга пландаган иштери иликтенип жатат.

WeChat тиркемесинин пайда болгону туурасында маалымат биринчи ирет 2011-жылы жарыяланган. 2013-жылдагы маалыматтарга караганда ага 300 миллионго чукул адам катталган. Ал эми булардын 70 миллиону Кытайдын сыртында жашагандар. Ал эми учурда бул мессенжердин колдонуучулардын саны 700 миллионго жетери айтылып келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0