Бангладеште чагылгандан 40 адам каза болду

© Sputnik / Иван Макеев / Медиабанкка өтүүЧагылган. Архив
Чагылган. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Табияттын күтүлбөгөн кырсыгы бир аптага созулган ысыктан кийин катуу жаандан соң болгон.

БИШКЕК, 13-май — Sputnik. Бангладеште чагылгандан 40 адам каза болгондугун Indian Express басылмасы жазып чыкты.

Өлкөдө буга чейин ысык болуп, аптап бир жумага созулган. Андан кийин катуу жаан жаап, мындан улам чагылган түшкөн. 

Кырсыктан улам каза болгондордун көпчүлүгү фермерлер, жаш балдар жана аялдар болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0