Дүйнөдөгү элдин 80 пайызы кир аба менен дем алат

© AFP / MARK RALSTON Кытай жашоочусу. Архив
Кытай жашоочусу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Адистер 795 шаарда жана 67 өлкөдө атмосфераны текшерүүгө алган.

БИШКЕК, 13-май — Sputnik. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму жер жүзү боюнча абанын бузулгандыгын тастыктаган документти талкууга чыгарды.

Андагы маалыматка ылайык, өнүкпөй калган өлкөлөрдө абанын 98 пайызы бузулгандыгы жана жер жүзүндөгү элдин 80 пайызы ышка ууланган аба менен дем алары аныкталган. 

"Шаарлардагы абанын булганышы тездик менен өсүп жатат. Бул элдин саламаттыгына чоң залака тийгизүүдө", — деп билдирет Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун мүчөсү Мария Нейра. 

Лаборатория кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Өспүрүмдөрдүн ден соолугун алкоголдон кийин ой келди жыныстык катнаш бузары аныкталды
Жалпы жонунан саламаттык сактоо уюму 795 шаарда жана 67 мамлекетте атмосфераны изилдеп чыкты. Натыйжада абанын булганышы былтыркыга салыштырмалуу сегиз пайызга өскөнү байкалган. Мындай көрүнүш көбүнчө өнүгүп жаткан мамлекеттерде байкалган. 

Эң коркунучтуу абал Жер ортолук деңиздин батыш тарабы менен Азиянын түштүк-чыгышында байкалган. Анда абадагы ыш менен чаңдын көлөмү 5-10 эсеге көп болуп чыккан. 

Окумуштуулар экологияга орчундуу көңүл бурууга убакыт келип жеткенин белгилешет. 

Жаңылыктар түрмөгү
0