Түркиянын Кемер аймагындагы мейманкалардын көбү быйыл ачылбайт

© Sputnik / Владимир Вяткин / Медиабанкка өтүүПляж на территории гостиницы в Турции. Архивное фото
Пляж на территории гостиницы в Турции. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эксперттер туристтердин санынын кыскарышын өлкөдө катары менен болгон терактыларга байланыштырат.

БИШКЕК, 13-май — Sputnik. Түркиянын Кемер аймагындагы мейманкалардын көбү быйыл эшигин туристтерге ачпайт. Мындай абалга Түркиянын туристтик тармагындагы кризис себепчи болгонун атын атагысы келбеген мейманкананын менеджери билдирди.

Буга чейин Түркиянын оппозициялык элдик-республикалык партиясынын өкүлү Четин Осман Будак Россиядан келген туристтердин саны төрт ай ичинде былтыркыга салыштырмалуу он эсеге азайганын айткан.

"Анталиянын Кемер аймагындагы мейманканалардын көбү быйылкы сезондо ачылбай турган болуп калды. Азыр иштеп жаткандарында айлыктарды кармап, бербегендери да бар. Төрт ай иштеп бир айдыкын эми гана алдык. Кызматкерлер кыскаргандыктан жумуш сааты да узарды", — дейт менеджер.

Буга чейин Түркиянын Туризм министрлиги быйылкы жылдын биринчи кварталында келген чет элдик туристтердин саны 4,5 миллиондон 4,1 миллион кишиге азайган. Туристтердин мындай кескин төмөндөшү акыркы он жылда биринчи жолу болуп жатат.

Эксперттер туристтердин санынын кыскарышын өлкөдө катары менен болгон терактыларга байланыштырат.

Жаңылыктар түрмөгү
0