Барак Обама Хиросимага барып тарыхый кадам жасайт

© REUTERS / Jonathan ErnstАКШ президенти Барак Обама. Архив
АКШ президенти Барак Обама. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
АКШ президентинин бул кадамы анын саясий атаандаштары тарабынан катуу сынга алынышы мүмкүн.

БИШКЕК, 10-май — Sputnik. АКШ президенти Барак Обама 1945-жылы Американын атомдук бомбалоосунан кыйраган Япониянын Хиросима шаарына барат. Бул тууралуу "Ак үй" билдирди.

"Өлкө башчы Япониянын премьер-министри Синдзо Абэ менен Хиросимага барып, бул кадамы менен өзүнүн дүйнөдө өзөктүк куралсыз бейпил жашоону камсыздоого дилгир экенин ырастайт", — деп айтылат билдирүүдө.

Япондуктар Хиросима менен Нагасакини бомбалаганы үчүн АКШнын кечирим сурашын күтүүдө
АКШ 1945-жылдын 6чы жана 9-августунда Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда Хиросима менен Нагасакиге атомдук бомба таштап, андан 130 миңден 250 миңге чейин киши каза болгон. Бул окуядан кийин Япония согуштук аракеттерин токтоткон. Хиросима менен Нагасакини бомбалоо өзөктүк куралды пайдаланган жападан жалгыз учур болуп катталган.

Обаманын сапары анын саясий атаандаштарынын кескин сынына кабылышы мүмкүн. Өз кезегинде алар бул сыяктуу кадамдарды Американын согуш курмандыктары үчүн "кечирим суроосу" катары кабыл алып, нааразы болуп келишет.

Жаңылыктар түрмөгү
0