Афганистанда жол кырсыганан 50 адам каза болуп, 57 киши оор жаракат алды

© flickr.com / inthefightАфганистан желеги. Архив
Афганистан желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жүргүнчүлөрдү ташып бара жаткан автобус менен цистерна чиркелген авто унаа кагышкан.

БИШКЕК, 8-май — Sputnik. Афганистандын түштүгүндөгү жол кырсыгынан 50 адам каза болуп, 57 киши оор жаракат алды. Бул тууралуу Sputnik Армения агентиги билдирди. 

Жүргүнчүлөрдү ташып бара жаткан автобус менен цистерна чиркелген авто унаа кагышкан.

"Кагылышуудан автобус күйүп, анын ичиндеги жүргүнчүлөрдүн көпчүлүгү жаракат алды", — деп жергиликтүү TOLO News телеканалы аткаминерге таянуу менен билдирет.

Полиция аталган факт боюнча тергөө амалдарын баштады. Алдын ала маалыматтар боюнча кырсык автоунааны туура эмес башкаруудан келип чыккан.

Жаңылыктар түрмөгү
0