Египеттин министри: "Том менен Жери" мультфильми "ИМдин" идеясын жайылтат

© flickr.com / Steve Baker"Том менен Жери" мультфильминин граффитиси. Архив
Том менен Жери мультфильминин граффитиси. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мультфильмдеги эки каармандын согушу жана зомбулугу жаш балдарга терс таасирин тийгизерин министр баса белгилейт.

БИШКЕК, 8-май — Sputnik. Египеттин маалымат министри Салах Абдель Садек "Том менен Жери" мультфильми "Ислам мамлекети" (ИМ) террордук тобунун ой-максаттарын жайылтат деп айыптады. Бул тууралуу Британиянын The Metro басылмасы жазып чыкты.

Каир университетинде өткөн илимий конференцияда министр сөз сүйлөп, анда жаш балдардын сүйүктүү мультфильми "Том менен Жери" өсүп келе жаткан муунга терс таасирин тийгизээрин айтып, андагы зомбулук, мыкаачылык "Ислам мамлекети" террордук тобунун ой-максаттарына шайкеш келет деген пикирин айтты.

"Көгүлтүр экрандагы эки каармандын бири-бири менен согушуусу, зомбулугу жаш балдарга терс таасирин тийгизет", — дейт министр.

"Том менен Жери" мультфильми 1940-жылдан тарта америкалык режиссерлор тарабынан жарык көрүп, бүткүл дүйнөлүк жаш балдардын сүйүктүү мультфильмине айланган. Анда эки каарман — мышык менен чычкандын кармашы баяндалат.

Жаңылыктар түрмөгү
0