Мариинск театрынын орекстри ойногон музыка Пальмирада жаңырды

© REUTERS / SANAСириянын Пальмира шаарында коюлган Мариинск театрынын симфониялык оркестринин концерти
Сириянын Пальмира шаарында коюлган Мариинск театрынын симфониялык оркестринин концерти - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүнкү күндө Пальмиранын тарыхый бөлүгүнүн 80 пайызга жакыны сакталып калды.

БИШКЕК, 6-май – Sputnik. Сириянын Пальмира шаарында коюлган Мариинск театрынын симфониялык оркестринин концерти калаа коргоочуларынын, анын ичинен курман болгон россиялык офицер Александр Прохоренконун жаркын элесине арналды.

Пальмирадыгы тарыхый эстеликтер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Террорчулардан бошотулган Пальмирадыгы тарыхый эстеликтердин абалы жакшы
Байыркы амфитеатрдын аянтчасында композиторлор Иоганн Себастьян Бах, Сергей Прокофьев жана Родион Щедриндин чыгармалары жаңырды. Музыканттар менен угармандарга Россия президенти Владимир Путин түз эфир аркылуу кайрылды. Ал концерт терроризм менен күрөшкөндөргө урмат-сый жана анын курмандыктарынын элесине таазим экендигин айтты.

ЮНЕСКОнун тизмесине киргизилген Пальмира шаары "Ислам мамлекети" террордук уюмунун колунда бир жылга жакын кармалып турду. 27-мартта

Сирия өкмөтүнүн аскерлери Россиялык аскерий күчтөрдүн көмөгү менен аталган калааны согушкерлеринен толугу менен бошоткон.

Бүгүнкү күндө Пальмиранын тарыхый бөлүгүнүн 80 пайызга жакыны сакталып калды. Эксперттер шаарды калыбыга келтирүүгө беш жылга чукул убакыт кетет деп эсептешет.

Жаңылыктар түрмөгү
0