Японияда ысыктан бир адам каза болуп, 200гө чукул киши жабыркады

© AFP / KAZUHIRO NOGIЯпониядагы кол чатыр көтөргөн аялдар. Архив
Япониядагы кол чатыр көтөргөн аялдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алты кишинин абалы оор деп табылып, ооруканага кеминде үч жума жатып дарылануусу зарыл экени айтылууда.

БИШКЕК, 6-май — Sputnik. Японияда 25-апрелден 1-майга чейин ысыктан жабыркаган 181 адам ооруканага кайрылып, бир киши мерт болду. Мындай маалыматты өлкөнүн өрт коопсуздугу боюнча башкармалыгы таратты.

Кол чатыр көтөргөн кыздын көлөкөсү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Май айынын башы жаанчыл болот
Бул быйылкы жылы биринчи ирет жарыяланып жаткан статистикалык маалымат. Аталган башкармалык ар жыл сайын аптаптан жабыркагандар жана көз жумгандар тууралуу жарыялап турат. Ушундан тарта статистика жума сайын жаңыланып турмакчы.

Алты кишинин абалы оор деп табылып, ооруканага кеминде үч жума жатып дарылануусу зарыл экени айтылууда. Алардын теңинен көбү 65тен өткөн карыялар.

Өткөн жылы дээрлик төрт айга созулган ысыктан Японияда 105 киши каза болуп, 55 миңден ашуун адам жабыркаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0