Окумуштуулар: Жер шарында тирүү жандыктын триллион түрү жашайт

© Sputnik / Виталий Белоусов / Медиабанкка өтүүЗоопарктагы маймылдар. Архив
Зоопарктагы маймылдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Илимпоздор бул тирүү жандыктын эмес, алардын түрлөрүнүн саны экенин белгилешет.

БИШКЕК, 5-май — Sputnik. Окумуштуулар биринчи жолу тарыхта ири масштабдуу каттоо жүргүзүп, Жер үстүндө, сууда жана абада жашаган тирүү жандыктын триллионго чукул түрү бар экенин аныкташты. Бул тууралуу макала Proceedings of the National Academy of Sciences журналына басылып чыкканын РИА Новости билдирди.

Илимпоздордун айтымында, буга чейин айлана-чөйрөдө жашап жаткан микроб түрлөрүнүн санын аныктоо үчүн тийиштүү каражаттар жетишсиз болуп келген.

"Жаңы технологиялардын пайда болушу менен аталган маселени чечүү үчүн болуп көрбөгөндөй көлөмдөгү маалыматка ээ болдук", — деди Индиана штатындагы университеттин окумуштуусу Жей Леннон.

Илимпоздор бир триллион — бул тирүү жандыктын эмес, алардын түрлөрүнүн саны экенин белгилешет. 

"Бүгүнкү күндө биз ал түрлөрдүн 0,001 пайызын гана өздөштүрө алдык. Бул адамзат жашоонун сырларын алигиче аңдап түшүнө электигинен кабар берет", — деп айтылат макалада.

Леннондун тобу буга чейинки иликтөөлөрдүн негизинде өздөрүнүн көп жыл аралыгында чогулткан материалын пайдаланган.

Жаңылыктар түрмөгү
0